Окуу программасы жөнүндө
Автомобиль транспортун эксплуатациялоо – бул илим жана техниканын комплекстүү тармагы, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу технологияларын жана уюштурууну; автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөөнү, сервисти жана оңдоону; автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун уюштурууну жана жакшыртууну изилдөө жана өркүндөтүү менен алектенет. Билим берүү программасы автомобиль транспортун эксплуатациялоо жаатындагы актуалдуу билимдерди түзүүгө жана жаңы изилдөө ыкмаларын колдонууга жөндөмдүү, теориялык жана колдонмо изилдөөлөрдүн методологиясы жана маданиятын, анын ичинде негизги маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен билген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого көмөктөшөт.










