Окуу программасы жөнүндө
Бул программа мамлекеттик башкаруу, финансы жана санариптик технологиялар кесилишинде жайгашкан. Ал бюджеттик, салык жана социалдык процесстерди маалыматтар, ИИ жана блокчейн аркылуу модернизациялаган адистерди даярдайт. Бул программа — азыркы замандын негизги чакырыгына жооп: мамлекеттик финансы жана кызматтарды заманбап санариптик банктагыдай ыңгайлуу, тез жана коопсуз кылуу.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Каржы министрлигинде, Салык кызматында, Казыналыкта, аймактык администрацияларда санариптик трансформация долбоорлору боюнча адис/жетекчи. Эсептөө палатасында же көзөмөлдөө органдарында маалымат аналитиги. «акылдуу шаар», санариптик саламаттыкты сактоо, билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлор үчүн бизнес-аналитик. Электрондук мамлекеттик сатып алуулар же ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү платформалары үчүн продукт менеджери. Мамлекеттик мекемеде маалымат технологиялары боюнча менеджер.