Окуу программасы жөнүндө
Программа ар кандай багыттагы имараттар менен курулмалардын архитектуралык-курулуштук долбоорлоо жана курулуш тармагында адистерди даярдоого багытталган. Окуу жүрүшүндө студенттер башкы жана стратегиялык пландаштыруунун этаптарын, долбоорлорду баалоонун көрсөткүчтөрү менен ыкмаларын, объекттерди курууну уюштурууну, долбоорлордун жана иштердин аткарылышынын сапатын көзөмөлдөө жана надзор системаларын, ошондой эле курулуш фирмалары менен компанияларынын инвестициялык ишмердүүлүгүн башкаруунун негиздерин үйрөнүшөт.









