Окуу программасы жөнүндө
Декоративдик-колдонмо искусство жана дизайн чыгармачыл жана педагогикалык ишмердүүлүк болуп саналат, ал адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарын (конструкциялоо, технология, искусство, экономика, социология) долбоорлоо процессинде бириктирет. «ДПИ жана дизайн» профили заманбап коомдун муктаждыктарына жооп берген, декоративдик-колдонмо искусство жана дизайн жаатында кесиптик-педагогикалык жана кесиптик-чыгармачылык ишмердүүлүк жүргүзө алган адистерди даярдоону максат кылат. Бүтүрүүчүлөр окуу-кесиптик, илимий-изилдөө, билим берүү-долбоорлоо, уюштуруу-технологиялык ишмердүүлүккө даяр.









