Окуу программасы жөнүндө
«Ишканалардын жана уюмдардын экономикасы» профили пландоо, өндүрүштү уюштуруу жана ар кандай ишмердүүлүк чөйрөлөрүндөгү ишканалардын товарларына, иштерине жана кызматтарына баа түзүү боюнча башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга катыша алган, ошондой эле өз бизнесин түзө алган квалификациялуу экономисттерди жана экономист-менеджерлерди, бизнес-аналитиктерди даярдоого багытталган.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Биздин бүтүрүүчүлөр экономист, бизнес-аналитик, экономист-менеджер, менеджер, экономист-аналитик, саясатты аныктоо жана ишмердүүлүктү пландаштыруу, баа түзүү, инвестиция тартуу чөйрөлөрүндө жетекчи, ошондой эле экономикалык, финансылык, маркетингдик, өндүрүштүк-экономикалык кызматтарда, сатуу бөлүмдөрүндө, кардарлар менен иштөө, жабдуу, сатуу ж.б. бөлүмдөрүндө аналитик болуп, ар кандай ишмердүүлүк түрлөрүндөгү жана менчик формаларындагы ишканаларда жана уюмдарда иштешет.