Окуу программасы жөнүндө
Жердин географиялык кабыгын — литосфера, атмосфера, гидросфера, биосфера жана ноосфера өз ара сиңишип, аракеттенген чөйрөнү, анын түзүлүшүн жана динамикасын, ошондой эле адам менен жаратылыштын өз ара аракеттенүү процесстерин изилдөөгө багытталган программа. Бүтүрүүчүлөр жер жайгаштыруу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитеттерде, ири мунай компанияларында жана өнөр жай ишканаларында, геодезия жана картография мекемелеринде, туристтик фирмаларда, билим берүү системасынын мекемелеринде жана башка уюмдарда талап кылынат.











