Окуу программасы жөнүндө
Инфокоммуникациялар экономикадагы эң тез өнүгүп жаткан тармактардын бири болуп, квалификациялуу адистерге болгон суроо-талап өсүүдө. Бакалавриат компьютердик илимдер жана телекоммуникациялар жаатында, анын ичинде маалыматты жаратууга, берүүгө, кабыл алууга, иштетүүгө, сактоого жана коргоого арналган заманбап электрондук каражаттарды иштеп чыгуу боюнча базалык билим берет. Алынган билимдер жана көндүмдөр бүтүрүүчүлөргө татаал жана атаандаштыкка жөндөмдүү инфокоммуникациялык техниканы иштеп чыгуучу адистер болууга, өздөрүнө жаккан компаниядан татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүгү менен жумуш табууга мүмкүндүк берет.











