Окуу программасы жөнүндө
Бул профиль боюнча окуу процессинде студенттер экологиялык экспедицияларга катышууга, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, алдыңкы маалыматтык технологияларды колдонуу менен табигый чөйрөгө техногендик таасирдин деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле студенттер айлана-чөйрөнүн компоненттерин биологиялык, химиялык жана геофизикалык мониторинг ыкмаларын өздөштүрүшөт, атмосфералык абанын, үстүнкү жана жер астындагы суулардын, топурактын абалын аналитикалык көзөмөлдөө боюнча заманбап аспаптык базада иштөө көндүмдөрүн үйрөнүшөт.












