Окуу программасы жөнүндө
Программа татаал маалымат системаларын иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана башкарууга, ошондой эле бул жаатта изилдөө иштери менен алектенүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган. Окуу программалоону, системалык анализди, долбоорлорду башкарууну жана ИИ, чоң маалыматтар жана киберкоопсуздук сыяктуу алдыңкы технологияларды терең изилдөөнү камтыйт.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Иштеп чыгуучулар (ПО, мобилдик тиркемелер, web), системалык аналитиктер, IT-долбоорлордун менеджерлери, маалыматтык коопсуздук боюнча адистер, системалык администраторлор, ошондой эле маалыматтарды талдоо жаатында (дата-аналитиктер, ML-инженерлер) иштей алышат. Алар IT, финансы, медицина жана бизнес-консалтинг сыяктуу ар кандай тармактарда талап кылынат.