Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы дене тарбия жана спорт жаатындагы заманбап педагогикалык технологияларды өздөштүргөн, педагогика, массалык спорт жана дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо иштеринин чөйрөлөрүндө квалификациялуу билим берүү ишин жүргүзүүгө жөндөмдүү адистерди даярдайт. Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери боюнча мугалим окуучуларда социалдык жана техникалык коопсуздук системаларынын элементтери жөнүндө билимди, өз ден соолугуна, айлана-чөйрөгө жана улуттук коопсуздукка аяр мамиле кылуу, сергек жана коопсуз жашоо образын уюштуруу зарылдыгын калыптандырат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн алкагында бүтүрүүчүлөр төмөнкү уюмдарда иштей алышат:
● Мектептер, гимназиялар, лицейлер;
● Университеттер, техникумдар, колледждер;
● Кошумча билим берүү борборлору;
● Маданий-агартуу багытындагы уюмдар — волонтёрдук борборлор, жаштар долбоорлорун илгерилетүү борборлору;
● Студенттик клубдар;
● Спорттук секциялар;
● Балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер, санаторийлер. Бүтүрүүчүлөргө кызыктуу болушу мүмкүн болгон кошумча ишмердик багыттары:
● Фитнес-клубда инструктор / спорт залында машыктыруучу;
● Спорттук менеджмент — спорттук уюмдун жетекчиси;
● Дарылоочу дене тарбиясы;
● Бош убакытты жана активдүү эс алууну уюштуруучу;
● Туризм боюнча инструктор.