Окуу программасы жөнүндө
Педагогикалык билим берүү багытынын «Филологиялык билим берүү» профили гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча курстарды өздөштүрүүнү, ошондой эле заманбап орус тилин жана анын тарыхын, кеп маданиятын, оозеки эл чыгармачылыгынын түрлөрүн жана жанрларын, көркөм адабиятты, орус классикалык адабиятын, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдүн адабиятын тереңдетип окутууну (лекциялар, семинарлар, коллоквиумдар, чыгармачыл лабораториялар) камтыйт. Бул бүтүрүүчүгө зарыл болгон филологиялык компетенттүүлүккө ээ болууга мүмкүндүк берет.
Кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү филологияны жана гуманитардык билимди, ошондой эле оозеки, жазуу жүзүндөгү жана виртуалдык формадагы инсандар аралык, маданияттар аралык жана массалык коммуникацияны камтыйт.









