Окуу программасы жөнүндө
Студенттер келечектеги чет тилдери мугалимдерин даярдоо үчүн актуалдуу мааниге ээ болгон кесиптик дисциплиналарды өздөштүрүшөт. Алар чет тилдери боюнча билимдерге ээ болуп, аларды өркүндөтүү менен гана чектелбестен, эки чет тилин окутуу боюнча кесиптик ишмердикти жүзөгө ашыра алган мугалимдик кесипти да өздөштүрүшөт.
Программанын өзгөчөлүктөрү: тилди эне тили катары алып жүргөн адамдар менен баарлашуу; билим берүү мекемелеринин педагогдорун жана жетекчи кызматкерлерин — потенциалдуу иш берүүчүлөрдү — дисциплиналарды жана практикаларды ишке ашырууга тартуу; окутууда инновациялык технологияларды колдонуу.









