Окуу программасы жөнүндө
Программа мектепке чейинки билим берүү кызматкерлеринин психологиялык-педагогикалык ишмердүүлүк жаатында адистешүүгө, балдарды коштоого, ата-энелер менен иштөөгө жана «педагог» менен «педагог-психолог» кесиптерин айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүнө болгон учурдагы талаптарынын негизинде түзүлгөн.
«Мектепке чейинки билим берүүдө психологиялык-педагогикалык жана усулдук коштоо» билим берүү программасы ошондой эле билим алуучулардын бала бакчада усулдук ишти уюштуруу, мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга илимий-усулдук колдоо көрсөтүү жаатындагы кесиптик компетенцияларын өркүндөтөт.









