Окуу программасы жөнүндө
Программа бухгалтердик эсеп, салык пландаштыруу жана башкаруу, каржылык көзөмөл, салык аудити жана негизги бизнес-операцияларын башкаруу жаатында алган кесиптик көндүмдөрдү ишке ашырууга даяр жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталган. Программада эсеп, анализ, аудит, көзөмөл жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жаатындагы актуалдуу санариптештирүү тенденциялары эске алынган, бул бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногунун тез өзгөрүп турган шарттарына ийгиликтүү ыңгайлашууга мүмкүндүк берет. Билим берүү процесси интерактивдүү технологияларды, онлайн курстарды жана симуляцияларды колдонууну камтыйт, бул эсеп-аналитикалык жана башкаруучулук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.








