Окуу программасы жөнүндө
Бул программа психиканын иштешинин жана өнүгүүсүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрү, психологиялык феномендер жана категориялар, изилдөө методдору, индивид жана топ деңгээлиндеги психологиялык кийлигишүүнүн негизги ыкмалары жана программалары, окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу принциптери, психодиагностикалык методикаларды түзүүнүн жана колдонуунун негизги стандарттары жана принциптери жөнүндө негизги билимдерди алууга багытталган. Программанын уникалдуулугу, ал өзүндө негизги академиялык даярдыкты практикалык көндүмдөрдү алуу менен айкалыштырат.






