Окуу программасы жөнүндө
Программа санариптик лингвистика жаатында эки же андан көп чет тилдеринде кесиптик баарлашуу көндүмдөрүнө ээ болгон жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү магистрлерди даярдоого багытталган. Магистрлердин кесиптик ишмердиги тилдер аралык баарлашуу, лингвистика, жаңы маалыматтык технологиялар жана ушул чөйрөлөрдөгү илимий-изилдөө иштери менен байланыштуу.
Бул даярдоо багыты боюнча программаны өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: санариптик лингвистика, котормо (адабий жана жазуу жүзүндөгү), агартуу, билим берүү системалары, гуманитардык чөйрөлөрдөгү электрондук технологиялар жана алардын санариптик доордогу өнүгүшү.