Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчүлөр:
- Эки чет тилин жогорку деңгээлде билишет.
- Тилдерди окутуунун заманбап усулдарын (анын ичинде STEM, CLIL жана долбоордук-коммуникативдик ыкманы) өздөштүрүшкөн, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуу процессин пландаштыра алышат жана критерийлерге негизделген баалоону колдонушат.
- Окутуу жана көзөмөлдөө үчүн санариптик билим берүү платформаларын жана веб-ресурстарды, анын ичинде онлайн чөйрөнү жана санариптик окуу материалдарын түзүү каражаттарын колдонушат.
- Билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде чет тилдерди окутуу процессин методикалык жактан камсыздай алышат.
- Ар түрдүү маданияттардын жана улуттардын өкүлдөрү менен өздөрү үйрөнүп жаткан тилдин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен баарлаша алышат.








