Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы транспорт тармагындагы инженерия менен менеджменттин айкалышындагы дисциплиналар аралык билимге жана көндүмдөргө ээ болгон атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди (бакалаврларды) даярдоого багытталган. Бүтүрүүчүлөр аба транспорту жана транспорттун башка түрлөрү системаларынын техникалык жана коммерциялык эксплуатациясын башкаруу боюнча милдеттерди чечүүгө, ошондой эле логистиканын принциптерине ылайык транспорттун ар кандай түрлөрүнүн рационалдуу өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга жөндөмдүү.








