Окуу программасы жөнүндө
Программа башкаруу чөйрөсүндө карьерасын куруп жаткан адамдар үчүн иштелип чыккан. Программа натыйжалуу башкаруу үчүн зарыл болгон жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү, башкаруунун ар кандай технологияларын колдонууну, ошондой эле динамикалуу тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө ылайыкташкан ийкемдүү ыкмаларды калыптандырууга багытталган. Ал ишкананын ишмердигинин стратегиясын иштеп чыгууга, уюмдун рыноктогу позициясын сактоого жана өнүктүрүүгө, бизнес-пландоого жана бизнес-процесстерди башкарууга, ошондой эле өз бизнесин түзүүгө багытталат.








