Окуу программасы жөнүндө
Программа ар кандай бизнес жана мамлекеттик секторлор үчүн маалымат системаларын иштеп чыгуу жана коштоо боюнча кеңири компетенцияларга, ошондой эле заманбап чөйрөлөрдө программалоо жөндөмдөрүнө ээ IT-инженерлерди даярдоого багытталган. Программа C# тилинде заманбап программалоо ыкмаларын, 1С программалоосун өркүндөтүүнү, web-программалоону жана техникалык англис тилин тереңирээк үйрөнүүнү камтыйт. Жогорку деңгээлдеги даярдык биздин бүтүрүүчүлөрдү IT тармагындагы эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү кылып, ийгиликтүү карьера курууга мүмкүндүк берет.


















