Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы чет тилдерге (немис жана англис) кызыккан жана келечекте педагогикалык кесип аркылуу алган билимдерин өткөрүүгө даяр адамдарга багытталган. Программанын алкагында ар кандай тилдик дисциплиналар – фонетика, грамматика, лексика, лексикология, стилистика, текстти лингвистикалык талдоо интенсивдүү жана ар тараптуу изилденет. Өзгөчө көңүл «башка» менталдуулук өкүлдөрү менен ийгиликтүү коммуникативдик өз ара аракеттенүү үчүн зарыл болгон маданияттар аралык компетенцияны калыптандырууга бурулат. Программа чыныгы материалдар менен иштөөнү, актуалдуу лингвистикалык темаларды талкуулоону, тил ээлери менен баарлашууну камтыйт.


















