Окуу программасы жөнүндө
Программа ишкердик, билим берүү, илимий, коомдук, чыгармачыл ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө өзүн ишке ашыра алган универсалдуу гуманитардык адисти калыптандырууга багытталган. Программанын бүтүрүүчүлөрү долбоордук ишмердүүлүк, илимий, расмий-ишкердик, публицистикалык жазуу, оозеки жана жазма байланыш көндүмдөрүн алып, ар кандай кесиптик чөйрөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырышат. Алардын алдында изилдөөчүлүк багытын тандап, аспирантурада академиялык билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрү ачылат; жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу, редакциялоо, басма иши жана полиграфия менен алектенүү, жарнама жана коомчулук менен байланыш тармагында иштөө.


















