Окуу программасы жөнүндө
«Азият таануу» программасынын бүтүрүүчүлөрүн кесиптик даярдоо азыркы эл аралык мамилелердин жана дүйнөлүк саясаттын системасында Кытайдын жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн тарыхын жана маданиятын, ички жана тышкы саясатын, аймактык экономикалык мамилелерин комплекстүү жана системалуу изилдөөгө, ошондой эле алардын укуктук жана социалдык системаларынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, демографиялык, лингвистикалык, диний жана башка көрүнүштөрү менен процесстерин үйрөнүүгө багытталган. Программанын максаты — кытай тилин билген, окуу-тарбиялык жана педагогикалык ишмердиктин негиздерин өздөштүргөн, Кытайдын жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн саясий-экономикалык, социалдык жана башка өзгөчөлүктөрүн талдай алган магистрлерди даярдоо.










