Окуу программасы жөнүндө
«Программалык продуктуларды иштеп чыгуу процесстери жана ыкмалары» билим берүү программасы программалык камсыздоону иштеп чыгууга байланыштуу принциптерди, ыкмаларды жана инструменттерди терең изилдөөгө жана колдонууга багытталган. Бул багыт студенттердин бакалавриат деңгээлинде алган билимдерин тереңдетип, аларга программалык инженериянын белгилүү бир аспектилери боюнча адистешүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программалык инженерия боюнча магистранттар заманбап иштеп чыгуу технологиялары менен иштөө үчүн актуалдуу билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат. Жасалма интеллект технологияларына, системалардын санариптик эгиздерин түзүүгө жана программалык камсыздоонун жашоо циклинин процесстерин изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Маалыматтар аналитиктери – маалыматтарды жана маалыматтык ресурстарды талдоо, маалыматтарды сактоо, иштетүү жана визуалдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу.
Программалык камсыздоо архитекторлору – программалык системалардын архитектурасын иштеп чыгуу, түзүмүн аныктоо, татаал программалык чечимдерди түзүү үчүн технологияларды жана инструменттерди тандоо.
Системалык аналитик – системага жана кичи системага коюлган талаптарды формалдаштыруу жана документтештирүү, талаптарды талдоо, техникалык тапшырманы иштеп чыгуу, орто жана ири масштабдагы, ар түрдүү татаалдыктагы системаларды концептуалдык, функционалдык жана логикалык долбоорлоо, иштеп жаткан системалардын жана алардын аналогдорунун талаптарга шайкештигин баалоону уюштуруу (илимий-изилдөөчү,).
Программалык камсыздоо долбоорлорунун менеджерлери