Окуу программасы жөнүндө
Антропология жана этнология:
● адамды жана анын социалдык жашоосун маданий, этностук жана диний ар түрдүүлүктө изилдеген дисциплиналардын комплексин билдирет;
● адамзаттын өнүгүүсүнүн, социалдык системалардын эволюциясынын жана иштешинин фундаменталдык көйгөйлөрүнө, ошондой эле ар түрдүү прикладдык маселелерге чечим издейт.
Билим берүү программасы социалдык антропология, психология, лингвистика жана физикалык антропология боюнча дисциплиналарды камтыйт жана кесиптик ишмердүүлүктүн куралы катары англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүнү камсыз кылат. Аймактык адистештирүүдө студенттер экинчи курстан баштап өздөрү тандаган дүйнө аймактарынын биринин тилин үйрөнүшөт.








