Окуу программасы жөнүндө
Клиникалык психолог ооруларды дарылоо, реабилитациялоо жана алдын алуу, калк арасында сергек жашоо образын колдоо, дарылоо-калыбына келтирүү процессинин алкагында бейтаптар менен иштөө, ошондой эле профилактикалык программалардын алкагындагы психологиялык-агартуу ишмердигинин жүрүшүндө психодиагностикалык, консультациялык, психотерапиялык жана эксперттик ишти жүзөгө ашырат. Патопсихологиялык диагностика жана психотерапия боюнча адистешкен клиникалык психолог көп тармактуу клиникалардын соматопсихиатрия бөлүмдөрүндө жана консультациялык-диагностикалык борборлордо, наркологиялык жана психиатриялык клиникаларда, кризистик борборлордо жана калкты социалдык коргоо мекемелеринде иштей алат.








