Окуу программасы жөнүндө
Программа спорт журналистикасы жаатында кеңири мазмундагы контентти түзүүгө компетенттүү жана медиакоммуникацияны кесипкөйлүк менен уюштура алган адистерди даярдоого багытталган. Бүтүрүүчүлөр спорттук медиа рыногунун кеңири сегментинде, корпоративдик медиада жана ар түрдүү заманбап адистештирилген медиа-платформаларда талап кылынат. Окутулуучу дисциплиналардын арасында төмөнкүлөр бар: Заманбап спорт индустриясы, Спорттук медиамаркетинг, Спорттук комментаторлук, Спорттук репортаж технологиялары, Киберспорт журналистикасы, Медиаспорт, Спорттук корпоративдик медиа, Спорттук медианы продюсерлөө.








