Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты — финансы жаатында фундаменталдык билимге ээ, ошондой эле экономика, математика жана информатика тармактарында компетенциялары бар, ар түрдүү экономикалык процесстерди жана кубулуштарды чогултууга, иштетүүгө, талдоого жана моделдөөгө жөндөмдүү адистерди даярдоо.
Дисциплиналар аралык даярдыктын алкагында студенттер прикладдык информатиканы тереңдетип окутуу менен «Экономика» багыты боюнча билим алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Бул келечекте кесиптик ишмердик чөйрөсүн финансылык аналитикадан программалоого чейин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бүтүрүүчүлөр бизнес-процесстерди изилдөөнүн маалыматтарды чогултуудан тартып акыркы жыйынтыктарды чечмелөөгө жана эксперттик деңгээлде сунуштоого чейинки толук циклин жүзөгө ашыра алышат.












