Окуу программасы жөнүндө
Бул багыт боюнча окуу кесиптик ишмердиктин эки чөйрөсүндө — билим берүү жана илим тармактарында — квалификациялуу адистерди даярдоону көздөйт. Бүтүрүүчүлөр негизги филологиялык дисциплиналар боюнча даярдыктан өтүшөт: азыркы орус тили, орус тилинин тарыхы, орус адабиятынын тарыхы, чет өлкөлүк адабияттын тарыхы, тил илими менен адабият таануунун методологиясы, орус тилин жана адабиятын окутуунун методикасы; тандоо боюнча дисциплиналарды өздөштүрүүдө азыркы филологиянын актуалдуу маселелерин терең изилдешет; кесиптик-педагогикалык, методикалык, илимий-изилдөөчүлүк жана маданий-агартуу ишмердиги чөйрөлөрүндө зарыл көндүмдөргө жана жөндөмдөргө ээ болушат.











