Окуу программасы жөнүндө
«Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профили бардык менчик формасындагы ишканаларда, консалтинг жана аудитордук фирмаларда, банктарда, инвестициялык жана камсыздандыруу компанияларында иштөө үчүн бухгалтердик эсеп, колдонмо экономикалык талдоо жана аудит жаатындагы жогорку квалификациялуу жетекчилерди жана адистерди даярдоого багытталган.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр ар кандай тармактардагы жана менчиктин түрдүү формаларындагы уюмдардын экономикалык, каржылык, өндүрүштүк-экономикалык, текшерүү, аналитикалык жана бухгалтердик кызматтарында, аудитордук компанияларда, каржылык, кредиттик жана камсыздандыруу мекемелеринде, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарында, академиялык жана ведомстволук илимий-изилдөө уюмдарында, жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде иштешет.