Окуу программасы жөнүндө
Программа эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, тез өнүгүп жаткан санариптик чөйрөдө инновациялык маалымат ишмердигинин ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштей алган кесипкөй журналист-медиаменеджерлерди, визуалдык коммуникациялар боюнча адистерди жана копирайтерлерди комплекстүү даярдоого багытталган. «Медиакоммуникациялар» профили жалпы гуманитардык теориялык дисциплиналарды (тарых, философия, экономика), ошондой эле бир катар комплекстүү модулдарды (маданият таануу, социалдык-гуманитардык жана тил даярдыгы модулу) камтыйт. Бул келечектеги кесиптик практика үчүн бекем негиз түзөт.





