Окуу программасы жөнүндө
«Саясий институттар, процесстер жана технологиялар» профилинин мазмуну саясий мейкиндиктин маңыздык, институционалдык, процесстик жана технологиялык мүнөздөмөлөрүн, саясий өзгөрүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн, саясий процесстин негизги субъекттерин, ошондой эле азыркы шарттардагы саясий мобилизация технологияларын изилдөөнү камтыйт. Бул профилдин алкагындагы изилдөөлөрдүн объектилери болуп саясий системалар жана саясий режимдер, социалдык-саясий трансформация процесстери, ошондой эле саясий башкаруунун принциптери жана механизмдери саналат.





