Окуу программасы жөнүндө
Багыты (профиль): - Жасалма интеллект; - Чоң маалыматтардын маалыматтык технологиялары. Программанын миссиясы: чыгармачыл функцияларды аткарган интеллектуалдык системалар жаатында окугандарды адистештирүү. Программанын максаты: билим берүү жана илим, байланыш, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар жаатында, өнөр жайда окуган окуучуларда кесиптик ишмердүүлүктө миссияны ишке ашырууга мүмкүндүк берген атайын компетенцияларды жана жеке сапаттарды түзүү аркылуу квалификациялуу кадрларды даярдоо. Чечилүүчү маселелердин түрлөрү: - өндүрүштүк-технологиялык; - долбоордук; - уюштуруу-башкаруу; - илимий-изилдөө.






