Окуу программасы жөнүндө
«Биотехнология» программасынын негизги илимий багыттары:
- Күмүштүн, алтындын, селендин, көмүртек нанотүтүкчөлөрүнүн жана башка элементтер менен кошулмалардын нанобөлүкчөлөрүн медицинада, катализде жана электроникада колдонуу үчүн синтездөө. Алынган нанообъекттердин физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрүн изилдөө;
- Өсүмдүктөрдөн алынган биологиялык активдүү заттардын негизиндеги нанобөлүкчөлөрдү колдонуу менен дары формаларын иштеп чыгуу, даярдоо жана сапатын контролдоо;
- Клетка культураларынын физиологиясын жана ар түрдүү табияттагы нанобөлүкчөлөрдүн клетка линияларынын пролиферациясына тийгизген таасирин изилдөө;
- Нанодисперсияларды беттик-активдүү жана жогорку молекулалуу кошулмалардын жана башка заттардын жардамы менен стабилдештирүү.












