Окуу программасы жөнүндө
«Психология» бакалавриат программасы психиканын иштешинин жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү, психологиялык кубулуштар жана категориялар, аларды изилдөө ыкмалары, жеке адам, топ жана коомчулук деңгээлинде психологиялык кийлигишүүнүн негизги ыкмалары жана программалары, окуу-тарбия процессин уюштуруу принциптери, ошондой эле психодиагностикалык методикаларды иштеп чыгуу жана колдонуудагы негизги стандарттар менен принциптер жөнүндө базалык билим алууга багытталган. Программанын өзгөчөлүгү фундаменталдык академиялык даярдыкты практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү менен айкалыштырганында.







