Окуу программасы жөнүндө
«Конфликтменеджмент» билим берүү программасы саясий жана этникалык чыр-чатактарды талдоо жана башкаруу, чыр-чатактарды жөнгө салуунун альтернативдүү технологиялары — сүйлөшүүлөр жана медиация — саясат, улуттук жана социалдык мамилелер, бизнес мамилелер, уюштуруучулук, топтук, үй-бүлөлүк жана жеке мамилелер чөйрөсүндө тынч өз ара аракеттенүүнү колдоо максатында адистерди даярдоону камсыз кылат, алар кесиптик ишмердүүлүк тармактарындагы теориялык жана практикалык маселелерди кесиптик стандарттарга ылайык чече алышат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрү социалдык, саясий, этникалык жана адамдар аралык конфликттерди терең анализдөө жана экспертизалоо, конфликттик кырдаалды диагностикалоо, конфликтке кийлигишүү стратегиясын пландаштыруу, аларды жөнгө салуунун альтернативдүү (сүйлөшүү жана медиациялык) технологияларын колдонуу менен конфликттер менен натыйжалуу иштөө компетенцияларын алышат; ортомчулардын катышуусу менен конфликттерди (талаштарды) чечүү жаатындагы жаңы кесиптик ишмердүүлүк тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерге мамлекеттин суроо-талаптарын канааттандырышат