Окуу программасы жөнүндө
Студенттер кеңири компетенцияларга ээ жана системалуу анализ жүргүзүүгө, классикалык жана интеллектуалдык маалымат системаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле техникалык жана экономикалык факторлорду эске алуу менен долбоордук чечимдерди негиздөөгө жөндөмдүү. Студенттер мамлекеттик жана жеке ишканалардын жана мекемелердин бизнес-процесстерин автоматташтыруу үчүн программалык камсыздоо жана маалымат системаларын иштеп чыгууга, программалык продуктунун жашоо циклинин бардык этаптарында иштеп чыгууларды башкарууга, программалык продуктуларды түзүүгө, коштоого жана модернизациялоого үйрөнүшөт.









