Окуу программасы жөнүндө
Адистерди даярдоо төмөнкү профилдер боюнча жүзөгө ашырылат: 1. Ишканада эмгекти коргоону башкаруу (коргоо объекттеринин адам жана жашоо чөйрөсү үчүн потенциалдуу коркунучун талдоо жана баалоо, ишкананын коопсуздугун камсыздоо иш-чараларын ишке ашыруу, ишкананын эмгекти коргоону башкаруу системасын пландоо, иштеп чыгуу жана өркүндөтүү). 2. Айлана-чөйрөнү инженердик коргоо (экология, радиотехника, информатика негизиндеги жаратылышты коргоо иш-чараларын маалыматтык-өлчөөчү жана технологиялык камсыздоо менен байланышкан практикалык жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн даярдоого багытталган).








