Окуу программасы жөнүндө
Программа прокуратура органдарынын бардык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылган билимдердин комплекси бар юристтерди даярдоого багытталган. Прокуратуранын ишмердүүлүк багыттарын, прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашырууда прокурордун ыйгарым укуктарын, прокуратуранын эл аралык кызматташтыгын; кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишин координациялоону; прокуратуранын укук чыгаруу ишмердүүлүгүн, ошондой эле прокурорлордун иштерди соттор тарабынан кароого катышуусунун өзгөчөлүктөрүн кеңири үйрөнүү.







