Окуу программасы жөнүндө
«Соодадагы маркетинг жана логистика» билим берүү программасы соода иши жаатында жогорку квалификациялуу бакалаврларды даярдайт. Программа аларга көп деңгээлдүү экономикада талап кылынган жана сооданын ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген компетенциялардын комплексин берет.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Соода ишканасынын администратору, дистрибьютор, кардарлар менен иштөө боюнча менеджер, коммерциялык агент, коммерциялык директор, логист, тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча менеджер жана башкалар. Бүтүрүүчү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканаларда жана уюмдарда, дүң жана чекене соодада, ири ишканалардын камсыздоо-сатуу, логистика жана маркетинг бөлүмдөрүндө, чакан жана орто бизнес ишканаларында кесиптик иш жүргүзө алат (анын ичинде соода тармагында өз ишин түзүп, өнүктүргөн ишкер катары өзү иштеген ишканада).