Окуу программасы жөнүндө
«Персоналды башкаруудагы технологиялар» магистрдик программасы персоналды башкаруу тармагындагы адистин заманбап технологияларды жана ишмердүүлүк багыттарын өздөштүрүүсүнө багытталган. Даярдоонун өзгөчөлүгү салттуу жана инновациялык санариптик окутуу ыкмаларын колдонууда турат. Бул ыкмалар жетекчи, түзүмдүк бөлүмдүн башчысы, кадрларды жана эмгек мамилелерин башкаруу кызматтарынын жетекчиси катары кесиптик ишти жүзөгө ашырууга шарт түзөт.












