Окуу программасы жөнүндө
Программа чет элдик жарандар үчүн иштелип чыккан. Программанын миссиясы – медиарынокту толук түшүнгөн, медиапродукцияны долбоорлоо жана чыгаруу боюнча практикалык жөндөмдөргө ээ адисти даярдоо. Медиакоммуникация бакалаврларын даярдоонун уникалдуулугу алардын ар кандай ишмердүүлүк түрлөрүн ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүндө жатат: уюштуруучулук, интеллектуалдык (автордук жана редакциялык) жана чыгармачылык, долбоордук (дизайн, продюсерлик). Бул ишмердүүлүк түрлөрүнүн жыйынтыгы ар кандай түрдөгү даяр медиапродукт же медиадолбоор болуп саналат.









