Окуу программасы жөнүндө
Программа ишканалардагы экология бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, мамлекеттик экологиялык түзүмдөргө жана жеке компанияларга экология адистерин даярдоого багытталган.
Программа экологиялык көзөмөл жүргүзүү ыкмалары, өнөр жай жана коммуналдык калдыктарды кайра иштетүүнүн жана утилдештирүүнүн инновациялык ыкмалары, абаны зыяндуу чыгындылардан жана суу объекттерин саркынды сууларды агызуудан тазалоо ыкмалары, ошондой эле айланма экономика принциптери жана урбанизацияланган аймактардын экологиялык коопсуздугу боюнча тереңдетилген билим алууга мүмкүндүк берген атайын дисциплиналарды камтыйт.
Программа мугалимдери студенттер менен бирге ар кандай экологиялык долбоорлордо жаңыча инновациялык милдеттердин үстүндө иштешет










