Окуу программасы жөнүндө
Бул даярдоо багыты жеңил өнөр жайда, архитектурада (интерьер, экстерьер), декоративдик-колдонмо искусстводо, реставрацияда жана музей ишинде талап кылынат, анткени бул багыттын бүтүрүүчүсү бардык технологиялык процесстерди эске алуу менен декоративдик-колдонмо искусство буюмдарын сабаттуу долбоорлой билиши, ар түрдүү маркадагы жана класстагы материалдарды тандоодо жана кайра иштетүүдө алардын шайкештигин, ошондой эле иштетүү технологияларын билиши керек. Адистер көркөм-дизайнердик чечимдерди долбоорлоп, жасап жана ишке ашыра алышат, көркөм-өнөр жай продукциясын даярдоочу өндүрүш участокторун жана устаканаларды уюштура алышат, ошондой эле заманбап жабдууларды колдонуу көндүмдөрүнө ээ болушат.












