Окуу программасы жөнүндө
Тармак жана системалардын администратору компьютердик тармактардын техникалык жана программалык-аппараттык каражаттарын, ар түрдүү тармактык конфигурацияларды орнотот, жөндөйт, иштетет жана тейлейт, локалдык эсептөө тармактарын башкарат жана мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдү жоюу боюнча чараларды көрөт. Тармактык инфраструктура объекттеринде жана жумушчу станцияларда профилактикалык иштерди жүргүзөт.
Көрсөтүлүүчү тармактык кызматтардын максималдуу туруктуулугун камсыз кылат, тармактык инфраструктуранын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.











