Окуу программасы жөнүндө
Чет элдик регион таануу – эң заманбап жана талап кылынган багыттардын бири, ал салттуу «Саясат таануу» жана «Эл аралык мамилелер» багыттарына альтернатива болуп саналат. Бул багыттын шексиз артыкчылыктары анын комплекстүүлүгү жана практикага багытталгандыгы болуп саналат. Окуу конкреттүү регионго адистешкен, анын саясий, укуктук, экономикалык жана геосаясий өнүгүүсү, тарыхы, социомаданий, улуттук жана башка өзгөчөлүктөрү боюнча комплекстүү билимге ээ эксперт-аналитиктерди даярдоого багытталган. Окуу жылдарында сиз уюштуруу-башкаруу ишмердүүлүгүнүн ар кандай деңгээлдеринде (өзүнчө башкаруудан баштап) билим аласыз










