Окуу программасы жөнүндө
Бакалаврлар Жердин жана башка асман телолорунун бетиндеги объектилерди, кубулуштарды, процесстерди координаттык-убакыттык байланыштыруу, ошондой эле аларды пландарда жана карталарда көрсөтүү боюнча иштерди аткарышат. Бакалавриаттын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгү төмөнкүлөр менен байланыштуу: заманбап ыкмаларды, технологияларды, алгоритмдерди, программаларды жана методикаларды колдонуу менен геодезия, керектөөчүлөрдү координаттык-убакыттык жана навигациялык камсыздоо, инженердик-геодезиялык изилдөөлөр жана геодинамика тармактарында маселелерди чечүү; топограф-геодезиялык иштерди өндүрүү жана аймактарды алыстан зонддоо долбоорлорун даярдоого катышуу; геодезиялык өлчөмдөрдү жана Жерди алыстан зонддоону аткаруу;










