Окуу программасы жөнүндө
Бүгүнкү күндө логистика маалыматтык, материалдык, финансылык жана сервистик агымдарды башкаруу жана оптималдаштыруу жөнүндөгү илимдин негизги багыттарынын бири, ошондой эле бизнестин анын күнүмдүк муктаждыктарын камсыз кылган тармагы болуп саналат. Логистиканын негизги милдети — керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу. Бул милдетти аткаруу үчүн керектүү көлөмдөгү жүктү же жүргүнчүлөрдү тиешелүү жерге оптималдуу маршрут менен, талап кылынган мөөнөттө жана эң аз чыгым менен жеткирүү системасын түзүү зарыл. Бул иш менен түздөн-түз транспорттук логистика алектенет.











