Окуу программасы жөнүндө
Бул багыт маалыматтык системаларды, санариптик кызматтарды жана маанилүү инфраструктураны киберкоркунучтардан коргоо боюнча адистерди даярдайт. Студенттер маалыматты коргоо технологияларын, коопсуздук аудитин, инциденттерди башкарууну, тармактарды администрлөөөнү, аялуу жерлерди аныктоону, санариптик криминалистиканы жана маалыматтык коопсуздук стандарттарын өздөштүрүшөт. Технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу системаларын, киберфизикалык системаларды жана энергетика объекттерин коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Окуу процессинде чабуулдарга каршы аракеттенүү ыкмалары, мониторинг, проактивдүү коргоо жана программалык камсыздоону коопсуз иштеп чыгуу каралат. Бүтүрүүчүлөр коргоо системаларын долбоорлошот, тобокелдиктерди башкарат, инциденттерди иликтейт жана мамлекеттик уюмдар менен бизнестин санариптик инфраструктурасынын туруктуулугун камсыз кылышат.












