Окуу программасы жөнүндө
Программа системалык жана колдонмо программалык камсыздоону иштеп чыгууга, ошондой эле көрсөтүлгөн тармакта илимий иштерди жүргүзүүгө жөндөмдүү кесипкөй программисттерди даярдоону камсыз кылат. Бүтүрүүчүлөр классикалык жана конструктивдүү математика, информатика, математикалык жана программалык камсыздоо боюнча негизги даярдык алышат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү эсептөө машиналарынын, комплекстеринин, компьютердик тармактардын иштеши, эсептөө техникасынын элементтерин жана түзүлүштөрүн жаңы физикалык жана техникалык принциптерде түзүү, маалыматты иштетүү жана топтоо ыкмалары, алгоритмдер, программалар, программалоо тилдери жана адам-машина интерфейстери, жаңы математикалык ыкмалар жана маалыматтарды интеллектуалдык иштетүүнү колдоо каражаттарын иштеп чыгуу, ар кандай предметтик тармактарга колдонулган маалыматтык жана автоматташтырылган долбоорлоо жана башкаруу системаларын иштеп чыгуу жаатында. Информатика, эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар жаатында окутуучулук ишмердүүлүк.